Кыргызстандыктардын салык боюнча 1 миллиард 397 миллион карызы бар
Кыргызстандыктардын салык боюнча карызы 2014-жылдын 1-октябрына карата 1 миллиард 397 миллион сомду түздү. Бул жыл башындагы көрсөткүчкө салыштырмалуу 95 миллион сомго же 6,4 пайызга аз экенин 21-октябрда Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти. Быйылкы жылдын 9 айында 592 миллион сомдук салык төлөмү боюнча 858 материал соттун кароосуна жөнөтүлгөнү айтылды. Мунун 396сы боюнча сот бюджеттин пайдасына чечим чыгарган. Салыктардын өз убагында төлөнбөй калышы боюнча казынага 20,5 миллион сом айып пул төгүлгөнү айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

