super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаев илим тармагындагы сыйлыктардын санын кыскартты

 
Президент Алмазбек Атамбаев 20-октябрда "1991-жылдын 5-декабрындагы илим жана техника тармагындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгын түзүү жөнүндө" КРнын Президентинин буйругуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" буйрукка кол койду. Буйрукка ылайык, мамлекеттик сыйлыкка кошо берилчү акчанын көлөмү 250 миң сомго чейин жогорулады. 8 мамлекеттик сыйлыктын ордуна 5 сыйлык түзүлүп, алардын бирине Касым Тыныстановдун ысымы берилди. Мындан ары мамлекеттик тилдин өнүгүшүнө зор салым кошкондорго К.Тыныстанов атындагы мамлекеттик сыйлык тапшырылмакчы. Мамлекеттик сыйлыктардын бири гуманитардык илимдердин өнүгүшүнө мыкты салым кошкондорго ыйгарыла турганы белгилүү болду. Президенттин буйругу илимий эмгектердин баркын, маанисин көтөрүүгө жана илимий эмгектерге талапты күчөтүүгө багытталган. Буйрук расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирерин президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.  





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: