№1-СИЗОдон катталбаган азык-түлүктүн табылышы боюнча кылмыш иши козголду
Бишкектеги №1-СИЗОнун аймагындагы азык-түлүк сактоо үчүн ылайыкташтырылбаган, жабык турган имараттын биринде катталбаган азык-түлүктөр табылды. Бул тууралуу бүгүн, 22-октябрда Башкы прокуратурадан билдиришти.
“Бухгалтердик документтерге ылайык, №1-СИЗОдон табылган азык-түлүктөр Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын борбордук базасынан аталган мекемедеги атайын контингент үчүн алынып келинген” деп айтылат маалыматта.
Аталган факт боюнча "ишенип берилген мүлктү ээлеп алуу" беренеси менен кылмыш иши козголду. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.