super.kg logo
  Саясат  

Исмаил Исаков мыйзам даярдоодо депутаттардын стенограммадагы сунуштарын колдонууну демилгелөөдө

 
Жогорку Кеңештин 22-октябрдагы жыйынында мыйзам долбоорлорун иштеп чыгууда жазуу жүзүндө берилген сунуштардан тышкары депутаттардын стенограммада жазылып калган оозеки сунуштарын да эске алуу демилгеси каралууда. Демилгенин автору, депутат Исмаил Исаковдун билдиришинче, депутаттардын жазуу жүзүндө берген сунуштары гана эске алынып, талкуу учурунда айтылган мыкты сунуштары, идеялары эске алынбай калууда. “Талкуу учурунда айрым депутаттардан укмуш сунуштар айтылат. Аны кийин депутат өзү унутуп деле калышы мүмкүн. Мыйзам даярдоодо мыкты сунуштарды кабыл алуу үчүн стенограмманы бир сыйра көтөрүп коюуга эмне үчүн болбосун?”- деди депутат.

Айрым депутаттар демилгеге каршы чыгышып, "Бул ашыкча түйшүк жаратат. Айрым депутаттар стенограммадагы сөзүн кийин танып кетиши мүмкүн. "Мен башкача ойдо айттым эле, силер сөзүмдү башкача мааниде колдонупсуңар" дегендер четтен чыгат" дешти. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: