super.kg logo
  Саясат  

Оор жүк ташуучу унааларына нормадан ашыкча жүк жүктөгөн айдоочулардын жазасы күчөйт

 
Кыргызстанда оор жүк ташуучу унаалардын нормадан ашыкча салмактагы жүк жүктөө көйгөйү боюнча 22-октябрда өкмөттө жыйын өттү. Вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев жол өлкөнүн экономикалык жактан өнүгүшүнүн негизи экенин, өкмөт жаңы жолдорду курууну жана эски жолдорду жаңылоону күчөткөнүн айтты. Отурумга тийиштүү министрликтер менен мекемелердин өкүлдөрү катышып, жыйынтыгында төмөнкүдөй чечим кабыл алынды:  
1. Транспорт жана коммуникация министрлигине, Энергетика жана өнөр жай министрлигине, "Кыргыз көмүр" ишканасына унааларга нормадан ашыкча салмактагы жүк жүктөөгө болбой турганы боюнча жүк ташуучуларга тынымсыз түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырмасы берилди. Мындан тышкары оор жүк ташуучу унаалардагы жүктүн салмагына катуу көзөмөл салып, талапты бузган айдоочулардын жоопкерчилигин кароо милдети жүктөлдү.
2. Ички иштер министрлигине, Транспорт жана коммуникация министрлигине, Экологиялык жана техникалык коопсуздук инспекциясына Нарын облусундагы Кочкор районуна убактылуу пост коюу чечиминин долбоорун өкмөткө сунуштоо тапшырмасы берилди. 
Айта кетсек, жакында Нарындан көмүр жүктөлүп келген ондогон оор жүк ташуучу унаалар Кеминден бери көздөй өтө алышпай, айдоочулар өкмөткө нааразычылык билдирип чыгышкан. Түшүндүрүү иштеринен кийин алар тарап кеткени бүгүн парламентте айтылды. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: