super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңеште депутаттар коруктардын негизги зонасын кичирейтүү боюнча талашып-тартышууда

 
Парламент депутаты Анарбек Калматов өлкөдөгү коруктардын негизги зонасынын аянтын кичирейтүүгө багытталган мыйзам долбооруна каршы. Муну депутат Жогорку Кеңеште 22-октябрда билдирип, каршы чыгышынын башкы себебин атады. "Силер коруктардын ядролук зонасын кичирейтип, буфердик зонасын кеңейтүүнү сунуштап жатасыңар. Бирок буфердик зона деле корголуучу аймакка кирет. Образдуу айтканда мындай: Ядролук зона - Жогорку Кеңештин жалпы жыйыны өтчү жер, бул аймак корголушу керек. Ал эми буфердик зона - парламенттин башка бөлүгү, аларды талкаласа боло берет дегендей болууда. Бул таптакыр туура эмес. Буфердик зонага мал жаюуга уруксат бербөө сунушун карап көрүү керектигин айттыңар. Анда бул мыйзамды кабыл алуунун зарылчылыгы деле жок",- деди Калматов. 
Мыйзам долбоору кызуу талаш-тартыш жаратууда. Айрым депутаттар бул мыйзам кабыл алынса, жаратылыш биротоло талкалана турганын айтышууда. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: