super.kg logo
  Саясат  

Алтынбек Сулайманов өкмөт өкүлүнө буфери жок унаа минип көрүүнү сунуштады

 
Кыргызстандагы коруктардын ядролук зонасын кичирейтип, буфердик зонасын кеңейтүүгө депутат Алтынбек Сулайманов да каршы. Депутаттын айтымында, эгер буфердик зонаны пайдаланууга кенен укук берилсе, анда коруктун ядросуна түздөн-түз сокку урулат. Токой чарба жана айлана-чөйрөнү коргоо агенттигинин башчысы Сабир Атажановго кайрылган депутат буфер жөнүндө маалымат берди. "Сиз буфери жок машина минесизби? Минбейсиз, анткени буфери жок машинанын капоту талкаланат. Коруктарда деле ушундай, буфердик зона бекеринен түзүлгөн эмес. Буфердик зона ядролук зонаны талкалануудан коргоп турат",- деди Сулайманов.   
Айта кетсек, парламентте бүгүн коруктардын негизги зонасын кичирейтип, жергиликтүү тургундар мал жайып, мөмө-жемишин терүүгө боло турган буфердик зонасын кеңейтүүгө багытталган мыйзам долбоору талкууланды. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: