Абдырахман Маматалиев менен Валерий Диль биометрикалык маалыматтарын тапшырышты







Бүгүн, 22-октябрда Өкмөт үйүндө вице-премьер-министрлер Абдырахман Маматалиев менен Валерий Диль, өкмөттүк аппараттын башчысы Нурханбек Момуналиев жана анын орун басарлары биометрикалык маалыматтарын тапшырышты. Өкмөттөн билдиришкендей, иш-чарада Маматалиев биометрикалык маалыматтар базасын түзүү коомдук коопсуздукту жогорулатууга мүмкүндүк берерин билдирди. Момуналиевдин айтымында, биометрикалык маалыматтарды топтоо – замандын талабы.
“Биометрикалык базанын болуусу жарандардын өздөрү үчүн мамлекеттик тейлөө алууга карата ыңгайлуулук жаратат. Анткени мамлекеттик тейлөөлөр жаңы технологиялардын ишке киргизилиши менен жакшыртылып турат. Мындан тышкары биометрикалык маалымат базасы – электрондук өкмөт түзүүдөгү негизги талаптардын бири",- деди ал.
Биометрикалык маалыматтарын өкмөттүн аппарат кызматкерлери менен бирге президенттин жана өкмөттүн Иш башкармалыгынын кызматкерлери да тапшырып жатышат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

