super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңештин төрагасы: “Депутаттын унаасы себепсиз токтотулбашы керек”

 

"Жогорку Кеңештин депутатынын автоунаасы МАИ кызматкерлери тарабынан себепсиз токтотулбашы керек". Муну парламенттин 22-октябрдагы жыйынында төрага Асылбек Жээнбеков билдирип, депутат Кантемир Мурзабековго байланышкан окуяга күнөөлүү кызматкер жазаланышы керектигин айтты. “Жогорку Кеңештин депутатынын статусу” жөнүндө мыйзамга ылайык, депутаттын унаасы себепсиз токтотулбашы керек. Ырас токтоттубу, депутат документин көрсөткөндөн кийин “честь” берип кетип калышы керек болчу. Бул жерде жеке депутатка эмес, мыйзамга тийиштүү маселе болууда. Окуя боюнча өкмөт башчыга кат жибердим, күнөөлүү адам мыйзам чегинде жазасын алышы шарт”,- деди парламент жетекчиси.  

Айта кетсек, 20-октябрда Бишкектин борбордук бөлүгүндө аталган депутаттын унаасы МАИ кызматкерлери тарабынан токтотулуп, ортодо түшүнбөстүк чыккан эле. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: