Эльвира Сариева Ноокаттын ооруканаларын кыдырып чыкты
Вице-премьер-министр Эльвира Сариева бүгүн, 22-октябрда Ош облусунун Ноокат районундагы ооруканаларды кыдырып чыкты. Райондук саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин атайын семинарына катышкан өкмөт өкүлү дарыгерлерди тармактын түптөлүшүнүн 80 жылдыгы менен куттуктады. "Врачтар менен мээрман айымдар күн сайын муктаж адамдарга жардам беришет. Бул оорукананын имараты капиталдык оңдоодон өтүп, суу жана жылуулук түтүктөрү жаңыланды. Жаңы суу жылытуучу жабдуулар, эмеректер менен камсыздалды. Мунун баары бейтаптарга жана дарыгерлердин ишине шарт түзүп берүү үчүн жасалды",- деди Сариева.
Өкмөт мүчөсү мындай иштер "Дени сак улут-2020" программасынын алкагында жасалып жатканын кошумчалады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

