super.kg logo
  Саясат  

Депутат Ыргал Кадыралиева журналист Жанар Акаевди сотко берет

 
Жогорку Кеңештин депутаты Ыргал Кадыралиева журналист Жанар Акаевди сотко берет. Муну 22-октябрда SUPER.KG порталына депутаттын жардамчысы билдирди. Журналисттин үстүнөн арыз жазуу аракетин Кадыралиева агасы Канжар Кадыралиевге байланышкан окуя боюнча "журналисттик бейтараптуулукту сактабай, калыстыктан тайып, бир жактуу каралоого басым жасап, соттун чечими чыга электе Канжар Кадыралиевди кылмышкер атап, жалган маалымат таратууда" деген жүйөгө негиздеген.  
Ал эми Жанар Акаев: "Сотко берем десе, берсин. Минтүүгө анын укугу бар. Мен мыйзамга каршы эч нерсе кылган жокмун жана бул ишти иликтөөнү мындан ары да улантабыз",- деп билдирди.  
Айта кетсек, буга чейин К.Кадыралиев менен жеке ишкерге байланышкан чыр коомчулукка жарыяланган эле. "Азаттык" жакында "Караларды" ким тыят?" деген темада материал даярдап, көрсөтүү теледен жарыяланган. Анда Канжар Кадыралиевге байланышкан маалыматтарга кенен орун берилген. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: