Жакынкы 3-4 жылда ар бир райондун борборунда, шаарларда дене тарбия жана спорткомплекстери курулат
Жакынкы 3-4 жылда ар бир райондун борборунда, шаарларда дене тарбия жана спорткомплекстери курулат. Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 22-октябрда спортчулар менен жолугушуу учурунда билдирди.
Автор: Максат Кудайбердиев
Анын айтымында, учурда Орусиянын "Газпром" компаниясынын жетекчилиги менен
келишим түзүлдү. "Жакынкы 3-4 жылдын аралыгында ар бир райондук борбордо, ар бир
шаарда эки форматтагы: дене тарбия-ден соолук комплекстери курулат. Облустардын
борборлорунда алардын аянты 1 миң чарчы метр, ал эми райондук борборлордо жана
калган шаарларда 700 чарчы метрден ашуун болот. Буга мамлекет көзөмөл жүргүзөт.
Дагы бир ирет кайталайм, бул өлкөбүздүн
келечеги. Ден соолугу чың улут, баса белгилейм, ден соолугу чың, руханий жактан
таза улут гана өлкөнүн гүлдөп-өнүгүшү үчүн жаратман эмгекке жөндөмдүү",- деди А.Атамбаев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:27
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.