Ысык-Көл облусундагы өрт кырсыгы 2 адамдын өмүрүн алып кетти
Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу районунун Бөрү-Баш айылындагы өрт кырсыгы 2 адамдын өмүрүн алып кетти. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 23-октябрда билдирди.
Маалыматка караганда, өрт кырсыгы кечээ, 22-октябрь күнү саат 22:08 чамасында катталган. Анын кесепетинен турак үйдүн 102 чарчы метр чатыры, эмеректер күйгөн. Ошондой эле 2 адам каза тапкан. Тилсиз жоонун келип чыгышына тамеки тартуудагы этиятсыздык себеп болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.