super.kg logo

Москва районунун Ак-Суу айылында кондитер цехи күйүп кетти

 

Москва районунун Ак-Суу айылында кондитер цехи күйүп кетти. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 23-октябрда билдирди.

Маалыматка караганда, өрт кырсыгы бүгүн түнү катталган. Анын кесепетинен кондитер цехинин 400 чарчы метр чатыры, 2 даана жабдуу, 3 тонна кумшекер, 1 тонна өсүмдүк майы, 1 тонна ун күйгөн. Тилсиз жоонун келип чыгышына электр жабдууларын куроодогу эрежелердин бузулушу себеп болгон.

Ошондой эле Балыкчы шаарынын Солнечная көчөсүндө жайгашкан “Межтранс” ЖЧКсында башчысы А.Эсенбаевге тийиштүү короодогу “ТП-400” көмөк чордону күйүп кеткен.

Ал эми Жети-Өгүз районунун Оргочор айылында К.Бейшалиевге тийиштүү короодо 900 түк чөп күйүп кетти. Маалыматка ылайык, өрттүн келип чыгышына үй ээсинин 6 жаштагы уулу Кумар Бейшалиевдин от менен ойногону себеп болгон. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: