super.kg logo

Көк-Суу жайлоосунда дайынсыз жоголгон жарандарды издөө иштери натыйжа бере элек

 
Үстүбүздөгү жылдын 1-октябрында Көк-Суу жайлоосуна кетип дайынсыз болуп жаткан жарандарды издөө иштери натыйжа бере элек. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 21-октябрь күнү КРнын ӨКМнын Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын 8 куткаруучусу жана дайынсыз жоголгон адамдардын туугандарынан 2 адам тартылып, издөө иштерин жүргүзгөн. Куткаруучулар жана туугандары издөө иштерин токтотушуп, саат 18:30дар чамасында туруктуу ордуларына кайтып келишти.

Эске салсак, Сузак районуна караштуу Барпы айыл аймагындагы Түрк-Абад айылынын тургундары Мурзалим Сариков менен Арипжон Маматалиев 1-октябрында Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Көк-Суу жайлоосуна кой айдап чыгып кетишкен бойдон дайынсыз. Ошондон бери издөө-куткаруу иштери жүргүзүлүп келүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: