super.kg logo
  Саясат  

Жоомарт Оторбаев Кыргызстандын чет өлкөдөгү консулдарын кыргыз мигранттарына жакшы көңүл бурууга чакырды

 

Премьер-министр Жоомарт Оторбаев 22-октябрда Кыргызстандын чет өлкөдөгү ардактуу консулдары менен жолугушуу өткөрдү. Анда өкмөт жетекчиси “Кыргызстандын чет өлкөдөгү ардактуу консулдар институтун биз Кыргызстандын аброюн дүйнөгө жайылтуунун маанилүү булагы катары карайбыз. Биргеликте эл аралык аренада республиканын улуттук кызыкчылыктарын алга жылдыруу жана демократиялык жана рыноктук реформаларды ишке ашыруу максатында жагымдуу абалды камсыздашыбыз керек”,- деп билдирди.

Өкмөт башчы инвестиция тартуу жана башка маселелерге токтолду: 

“Мамлекеттер аралык түзүлгөн соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштар жогорку деңгээлге көтөрүлүүсү тийиш. Бүгүнкү күндө Кыргызстан инвестициялардын келишин, жаңы илимди жана мыкты дүйнөлүк тажрыйбаны күтүүдө. Ардактуу консулдардын көңүл чордонунда, албетте, сиздер ишмердүүлүк жүргүзгөн мамлекеттердеги биздин жарандар жана компаниялардын кызыкчылыктарын жана укугун коргоо маселеси турушу керек",- деди премьер.

Жолугушууга Кыргызстандын Казакстандагы, Кореядагы, Нидерландыдагы, Орусиядагы, Түркиядагы, Япониядагы ардактуу консулдары катышканын өкмөттөн билдиришти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: