“Мыйзамдуулук сакталбаса, реформа жасоодон пайда жок” дейт депутат Балтабаев
“Мыйзамдуулук сакталбаса, жүргүзүлүп жаткан реформалардын баары бекер”,- деп билдирди депутат Ташполот Балтабаев бүгүн, 23-октябрда Жогорку Кеңеште. Депутат Ички иштер министрлигинде иштен бошотулуп, кайра сот аркылуу ордуна дайындалып жаткан кызматкерлер боюнча маселе көтөрдү. Жети-Өгүз районунун ооруканасынын башчысы Садырбек Чыныбаевге “тартип бузду” деген айып тагылып, бирок соттун 3 инстанциясынан тең утуп чыгып, кайра кызматына бара албай жатканын айтат депутат.
Мындан сырткары Балтабаев өлкөдө инфляция болуп жатканын айтып, 2015-жылдын бюджетинин долбоорун кароодо индексациялоо маселесин да эске алуу зарылдыгын белгиледи.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

