super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңеш 4 жылдык ишинин жыйынтыгын январда жарыялайт

 

Парламент 2015-жылдын январь айында 4 жылдык ишинин жыйынтыгы боюнча тегерек стол өткөрөт. Бул тууралуу спикер Асылбек Жээнбеков бүгүн, 23-октябрда Жогорку Кеңештин отурумунда билдирди. Жыйында депутат Мыктыбек Абдылдаев Депутаттар жакшы иштебей жатышат, Конституцияны өзгөртөбүз” деген сындар көбөйүп кетти. Жаңы жылга чейин атайын тегерек стол уюштуралы” деген сунуш киргизген болчу. Депутаттын сунушун колдоого аларын билдирген спикер айтылган сындарга чыдоо керектигин белгиледи. “Айтылган сынды көтөрүш керек. Парламенттин табияты ушундай. Авторитардык мамлекеттерде гана парламентти сындай алышпайт. Жогорку Кеңештин төрт жылдык ишмердүүлүгүн жыйынтыктаган отчёт даярдалып жатат”,- деди ал. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: