super.kg logo
  Саясат  

Кыргызстанда ишин сапаттуу жасаган кызматкерлердин айлыгына кошумча акы кошулат

 

Кыргызстанда мамлекеттик органдардын жетекчилерине бир жыл ичинде эмгек акыны төлөө фондунан үнөмдөлгөн акчаны сапаттуу аткарган иши, кесипкөйлүгү үчүн кызматкерлерине берүү укугу берилди. Бул акча кызматкерлерге шык берүүчү төлөм катары берилет. Тийиштүү токтомго премьер-министр Жоомарт Оторбаев кол койгонун 23-октябрда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Бул бюджеттик тармактын кызматкерлери тараптан сунушталуучу мамлекеттик тейлөөнүн натыйжалуулугуна жана сапатына багытталган эмгек акысын төлөө тутумун киргизүүгө мүмкүндүк берет.

“Жүргүзүлүп жаткан реформанын башкы максаты - Кыргызстандын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин эмгек акысын алар тарабынан көрсөтүлүп жаткан тейлөөнүн конкреттүү натыйжаларынан көз каранды түрдө төлөп берүү тутумун түзүү. Мамлекеттик орган жетекчилеринде бош орундарды ээлөө максаты гана болбостон, натыйжалуу иш алып барган кызматкерлерди ишке тартуу шарты да пайда болот”,- дейт Оторбаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: