Каныбек Иманалиев “оппозициялык фракциялардын парламенттеги орду өзгөчө” деди
Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев 22-октябрда Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү ардактуу консулдарынын үчүнчү жолугушуусунун катышуучуларын кабыл алды. Бул тууралуу бүгүн, 23-октябрда парламенттин басма сөз кызматы билдирди. Депутат Жогорку Кеңештин жүргүзүп жаткан иштерине токтолду. “Кыргызстан парламенттик башкаруу таризин тандап алганын, ошондуктан көпчүлүк коалициясынын оппозициялык фракциялар менен конструктивдүү иш алып баруусу, алардын парламенттеги орду менен квоталары өзгөчө мааниге ээ болуп жатат”,- деди ал.
Санкт-Петербург, Хабаровск, Тараз, Осака шаарларындагы ардактуу консулдар жүргүзүлүп жаткан иштер, өздөрү туш болгон кыйынчылыктар тууралуу айтып беришти.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

