Өмүрбек Абдрахманов "коррупциянын арты менен 2 кабаттуу үйүмдү бүтүрүп алдым" деген министрдин атын айтуудан баш тартты
Жогорку Кеңештин 23-октябрдагы жыйынында депутат Өмүрбек Абдрахманов "министрлердин баары коррупция менен жан багууда" деп билдирди. Депутат министрлердин айлыктарын көтөрмөйүнчө, тармакта реформа жасоо мүмкүн эмес экенин айтат.
Автор: Автандил Добулбеков
"Жакында бир министр менен сүйлөштүм, айлыгы 24 миң сом экен. Балдарынын, аялынын жана өзүнүн түшкү тамактанууга кеткен акчасы бир айда 30 миңден ашып кетет экен. Анан кайдагы реформа? Жарыбаган айлык менен кантип жашап жатканын сурасам, "Билесиз да, коррупциянын артынан жашап жатабыз. Коррупциянын арты менен 2 кабаттуу үйүмдү бүтүрүп алдым" дейт. Бизнеси жок министрлер коррупция менен күн көрүп жатышат",- дейт Абдрахманов.
Экономика министри Темир Сариев ошол министрдин атын сурады эле, депутат айтуудан баш тартты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

