Депутаттар Санкт-Петербургда өтүп жаткан Парламенттер аралык ассамблеянын жыйына катышууда
Жогорку Кеңештин депутаттары
22-23-октябрь күндөрү Санкт-Петербургда өтүп жаткан Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Парламенттер аралык ассамблеясынын иш-чараларына
катышууда. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Парламенттин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Курманбек Дыйканбаев ассамблеянын Мамлекеттик түзүлүш жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча туруктуу комиссиясынын жыйынына катышып жатат.
Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин төрагасы Каныбек Осмоналиев Илим жана билим берүү боюнча туруктуу комиссиясынын жыйынына, Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин төрагасы Сайдулла Нышанов Агрардык саясат, жаратылыш ресурстары жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын жыйынына, ал эми депутаттар Дастан Бекешев менен Данияр Тербишалиев Жаштардын КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясынын иш-чараларына катышууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

