super.kg logo

Кыргыздын чыгаан сүрөт чеберлеринин эмгектери орун алган көргөзмө ачылды

 
Сүрөтчү Дүйшөн Жолчуев.
Кыргыз Эл сүрөтчүсү Асаналы Бейшенов.
Кыргыз Эл сүрөтчүсү Жылдызбек Молдахматов.

Бүгүн, 23-октябрда Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы Улуттук көркөм өнөр музейинде "Кыргызстандын Сүрөтчүлөр союзуна 80 жыл" аталышындагы көргөзмөнүн бет ачары болду. Көргөзмөгө өлкөнүн чыгаан сүрөт чеберлери Адылбек БайтерековАсаналы Бейшенов, Дүйшөн Жолчуев жана Жылдызбек Молдахматовдун эмгектери коюлду. Бул экспозициялык мейкиндиктен төрт түрдүү көз карашты, мурдагы, кийинки, азыркы айлана-чөйрө тууралуу дискуссияны, монологду жөнөкөй тилде эмес, көркөм искусствонун тилинде көрүүгө болот.

Асаналы Бейшенов - атагы чыккан беделдүү кыргыз сүрөтчүлөрүнүн бири. Ал "Кыргыз Эл сүрөтчүсү" наамына талыкпаган эмгектин артынан арзыган. Көп кырдуу талант А.Бейшенов кыргыз көркөм сүрөт искусствосунун казынасын өзүнүн кайталангыс эмгектери менен байытса, ал эми сүрөтчү Д.Жолчуев өзүнөн чындыкты талап кылганы менен өзгөчөлөнүп турат. Анын чыгармачылыгы сезимдерди чын жүрөктөн дирилдетип, өзүнө тартып суктандырат. Ошондой эле бул көргөзмөгө таң калтырган эмгектерин койгон Кыргыз Эл сүрөтчүсү Ж.Молдахматов: "Биз өзүбүздүн тарыхыбызды билишибиз зарыл. Өзүнчө фактылар унуткарылып же жашырылып калбашы керек. Мурда макал-лакап менен гана айтылып, жашырылып келгендерди эми ачык эле сүрөт менен айтууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Биздин башыбыздан көптөгөн тарыхый окуялар өттү. Алсак, 1916-жылдагы окуя да айтылбай келген. Ошондогу кыйынчылык тууралуу тарыхый чындыкты коркпостон көрсөтүүбүз абзел. Биздин мекендеги тоолордун, өрөөндөрдүн, жөнөкөй айыл мотивдеринин, ак кайыңдын сулуулугу кайталангыс. Мына ушул дудук күбөлөр жок кылынбасын жана унутулбасын”,- дейт.

Белгилей кетсек, көргөзмө 9-ноябрга чейин уланат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: