super.kg logo

Новосибирскте "Көчмөн" аталышындагы көргөзмө ачылды

 

Новосибирсктеги Мамлекеттик көркөм өнөр музейинде 22-октябрь күнү кыргыз сүрөтчүлөрүнө таандык "Көчмөн" аталышындагы көргөзмө ачылды. Ага Новосибирсктеги Сүрөтчүлөр кеңешинин мүчөлөрү, чет өлкө өкүлчүлүктөрү, кыргыз диаспораларынын өкүлдөрү катышты. 

Бул тууралуу бүгүн, 23-октябрда ТИМдин басма сөз кызматы билдирди. Скульптура, живопись, графикалык эмгектерден жалпы 80 экспозиция көрүүчүлөргө сунушталды. 

Алардын арасында КРнын Эл сүрөтчүсү, "Шериктештик жылдызы" аттуу КМШнын мамлекеттер аралык сыйлыгынын лауреаты Юристанбек Шыгаев, КРнын Эмгек сиңирген ишмери Темирбек Мусакеев, СССРдин жана Кыргызстандын Сүрөтчүлөр союзунун мүчөлөрү Настар Мамаев, Бообек Арыков жана Бактыбек Мусаевдин эмгектери бар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: