super.kg logo
  Саясат  

Азиз Батукаев Орусияда 3 жыл жазасын өтөгөндөн кийин аны Кыргызстанга өткөрүп берүү каралат

 
Азиз Батукаев Орусияда жазасын өтөгөндөн кийин аны Кыргызстанга өткөрүп берүү маселеси караларын Орусиянын Башкы прокуратурасы маалымдады. Бул тууралуу 2014-жылдын 22-октябрында Орусия Федерациясынын Башкы прокуратурасы Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына жөнөткөн катта айтылганын мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Белгилүү болгондой, кыргыз тарап А.Батукаев 2006-жылдын 3-августунда Аламүдүн райондук соту чыгарган өкүм боюнча жазасын өтөшү керектигин айтып Орусияга билдирүү жиберген. 
Ушул жылдын 24-сентябрында Грозный шаарындагы Ленин райондук соту тарабынан Батукаев 3 жылга эркинен ажыратылган. Ал Орусияда жаза өтөп бүткөн соң, Кыргызстанга экстрадициялоо маселеси каралат.

Айта кетсек, "мыйзамдагы ууру", 48 жаштагы Азиз Батукаевди 2013-жылдын 9-апрелинде Нарындагы №4-абактан кандын рак илдетине чалдыккандыгы тууралуу медициналык корутундуга таянып бошотушкан. Ошол эле күнү ал туугандары менен Грозныйга учуп кеткен. Бул факты боюнча депутаттык комиссия түзүлүп, тергөө амалдары жүргүзүлгөн. 

“А.Батукаевдин бошотулушуна тиешеси бар” делинген саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаева, ИИМдин башчысы Абдулда Суранчиев, Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Эрлан Сапарбаевди жоопкерчиликке тартууну аталган комиссия сунуштаган. 

Азиз Батукаевдин бошотулушу боюнча коомчулукта кызуу талкуу жүрүп, күнөөлүүлөр изделип жаткан кезде ошол учурдагы КРнын Вице-премьер-министри Шамиль Атаханов өз каалоосу менен арыз жазып, отставкага кеткен. Ушул эле окуяга катыштыгы бар деп айтылып жаткан акыйкатчы Турсунбек Акун боюнча ЖК өткөн жылы 27-июнда токтом кабыл алып, ал кызматынан четтетилген. 2014-жылдын 23-майында Азиз Батукаевге издөө жарыяланган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: