Өкмөт электр энергиясынын жаңы тарифтерин коомчулуктун талкуусуна койду
Кыргызстандагы электр жана жылуулук энергиясынын жаңы тарифтери коомчулуктун талкуусуна коюлат. Өкмөттөн билдиришкендей, 25-октябрга чейин өлкөнүн бардык облустарында коомдук талкуулар өтүп, жаңы тарифтер боюнча өкмөттүн сунушуна жергиликтүү тургундар пикир билдиришмекчи. Талкууларга өкмөт өкүлдөрү, аймактын жашоочулары, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү жана эксперттер катышат. Иш-чаранын максаты энергетика тармагындагы ачыктыкты камсыздоо экени айтылды.
Айта кетсек, жаңы тариф боюнча, электр энергиясын 700 киловатт-саатка чейин колдонгондор 70 тыйындан, 700 киловатт-сааттан ашыкча пайдалангандар 1 сом 20 тыйындан төлөөгө өтөт. Абоненттер мурункудай бир фазалуу жана 3 фазалуу деп бөлүнбөйт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

