super.kg logo
  Саясат  

Бүгүн өкмөт ири чет өлкөлүк инвесторлор менен “Манас” аэропортун өнүктүрүүнү талкуулашат

 

Бүгүн, 24-октябрда Бишкекте “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында “КРнын “Манас” эл аралык аэропорту” ачык акционердик коомунун Транспорт-логистик борборун өнүктүрүү боюнча Координациялык кеңешинин отуруму өтөт.

Бул иш-чарада кыргыз тараптан КРнын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев, аталган кеңештин жетекчиси, КРнын Вице-премьер-министри Валерий Диль, КРнын Транспорт министри Калыкбек Султанов, “КРнын “Манас” эл аралык аэропорту” ачык акционердик коомунун башчысы Албек Ибраимов катышат. Ал эми чет өлкөлүк инвестициялык уюмдардан орусиялык “Роснефть”, “Новапорт”, “РОСНАНО”, түркиялык “TAV AirportsHolding”, кытайлык “СМЕС”, “САМСЕ” жана башкалар өз инвестициялык сунуштарын айтып беришмекчи.

Мындан тышкары иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары катышууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: