super.kg logo
  Саясат  

Жоомарт Оторбаев: "Манас" аэропорту кирешелерди 3 эсе көп алып келет деген ниеттебиз"

 

"Манас" аэропорту мыкты иштеп жатат, бирок мындан ары кирешелерди 3 эсе көп алып келет деген ниеттебиз",- деди бүгүн, 24-октябрда “КРнын “Манас” Эл аралык аэропорту” ачык акционердик коомунун Транспорт-логистик борборун өнүктүрүү боюнча Координациялык кеңешинин отурумунда КРнын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев.

Ал Кыргызстандын деңизге чыгууга мүмкүнчүлүгү жок болгондуктан, өкмөт үчүн аба транспортун өнүктүрүү туура экенин белгилеп өттү. "Биздин өлкө бул тармакта ачык саясат жүргүзөт. Кыргызстан хабды (өткөрүү бекети) түзүү үчүн ыңгайлуу жерде жайгашкан. "Манас" аэропорту жылына 3-4 миллиард сом көлөмдөгү акча каражатты бюджетке алып келе алат. Бул максатты ишке ашырыш үчүн мыкты башкаруу жана каржылоо керек болууда",- деди премьер-министр. 

Андан соң ал инвесторлорго: "Силердин жардамыңар менен ушул ири пландарыбыз ишке ашат. Бүгүнкү иш-чарага парламент депутаттары, тиешелүү мамлекеттик мекемелер катышууда. Алар силерге керектүү колдоо көрсөтүп беришет",- деди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: