super.kg logo
  Саясат  

Төө буурчак сатуу көйгөйү: Депутаттар ортомчуларды жоготуу керектигин айтышты

 

"Талас облусундагы дыйкандар төө буурчактын баасынын арзандап кетишине ортомчулар күнөөлүү экенин айтышууда",- деп билдирди депутат Дастан Жумабеков Жогорку Кеңештин 23-октябрдагы жыйынында. Депутат жылдын кургакчыл болушуна кошумча күтүүсүз кар жаап, төө буурчактын көбү кардын алдында калганын айтат. "Өкмөттөн эч кандай жардам жок. Жок дегенде түшүмдөрүн жыйноого көмөктөшүү зарыл",- деп кошумчалады депутат.

Айыл чарба жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиевдин айтымында, быйыл республикада 105 миң тонна төө буурчак жыйноо күтүлүүдө. Былтыр төө буурчакты көп айдаган Аргентина, Бразилия жана Кытайда кургакчылык болуп, Кыргызстанда төө буурчактын баасы жогору болгон. Быйыл аталган өлкөлөрдүн айрым жерлеринде эки жолу түшүм жыйналгандыктан, Кыргызстанда былтыркыдай баа болбой турганы айтылды. Жыйында депутаттар Таласта төө буурчак сатуу ишиндеги ортомчуларды жоготуу зарылдыгын белгилешти. 

Айыл чарба жана мелиорация министрлиги Таласка барып, дыйкандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзмөкчү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: