super.kg logo

Ошто жөө жүрүүчүнү сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды

 
Ошто жөө адамды сүзүп, окуя болгон жерден качып кекен айдоочу кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 24-октябрда ИИМдин Ош шаары жана Ош облусу боюнча Башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти. 
Маалым болгондой, кечээ Бишкек-Ош автоунаа жолунун 644-чакырымында саат 03:00 чамасында Шералы айылынын тургуну, 1967-жылы туулган Акылбек Шопоевди белгисиз автоунаа сүзүп кеткен. Айдоочу окуя болгон жерден качып кеткен. Натыйжада А.Шопоев оор жаракаттарды алып, ошол жерден каза болгон. Бул боюнча Баткен облусунун тургуну, 1968-жылы туулган М.Э. өзүнүн Хундай-Шатул үлгүсүндөгү автоунаасы менен сүзүп кеткени болжолдонууда. Учурда шектүү Кара-Суу РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө амалдары жүрүүдө. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
25.10.2014. 15:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматуу администрация сиздрден сураныч сузуп кеткен адамдын аты фамилясын толугу менен жазып койо аласыздарбы?бул адам созсуз турдо мыйзам чегинде жазаланыш керек!качып кеткени учун дагы кошумча статья алыш керек!
25.10.2014. 20:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул Баткендик М.Э.кылмышкер болуп да эсептелет!Анткени бул М.Э.биринчиден Адам омурун кыйып ошол окуя учурунда ал жарат алган А.Шопоевге жардам корсотуунун ордуна женил ойлукка салып изин жашырып качып кеткен.Коп узабай эле милиция кызматкерлеринин жардамы менен кармалды.Бул айдоочу М.Э.Мыйзам чегинде жогорку ылдамдыкта айдаганы учун берене,адам омурун кыйгандыгы учун берене,ага карабастан изин жашыруунун аракетин жасагандыгы учун берене ушул беренелер менен мыйзам турундо жоопко тартыш зарыл!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: