Бишкек – Торугарт унаа жолунда эки унаа сүзүшүп, 4 адам жабыркады
Бишкек – Торугарт автожолундагы кырсыктын
кесепетинен 4 адам жабыркады. Бул тууралуу бүгүн, 24-октябрда Жол-кайгуул
кызматынан билдиришти.
Автор: Мальвина Уметбекова
Маалым болгондой, Фольксваген жана Хонда үлгүсүндөгү эки унаа Бишкек-Торугарт жолунун 38-чакырымында сүзүшкөн.
Анын кесепетинен Хонда унаасынын айдоочусу менен жүргүнчүсү оор жаракаттарды
алып, Фольксваген унаасынын эки жүргүнчүсү да ооруканага жеткирилген.
Бул иш боюнча учурда тергөө амалдары
жүрүп, күнөөлүү айдоочу аныкталууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.