super.kg logo

Бишкекте “Борбор Азиянын маданий мурастарын сактоо” аталышында семинар өткөрүлөт

 

27-октябрда КРнын Улуттук илимдер академиясында Япониянын Тарых жана маданий мурастар институту жана Маданий баалуулуктарды улуттук изилдөө институту “Борбор Азиянын маданий мурастарын сактоо” долбоорунун алкагында Кыргызстандын жаш илимпоздору үчүн “Талаа изилдөөлөрү боюнча отчётторду даярдоо жана музей экспонаттарын түзүү” деген темада окууларды өткөрөт. Аталган академиядан билдиришкендей, иш-чарада Япониянын ар кайсы окуу жайларынын окутуучулары жана Улуттук илимдер академиясынын, окуу жайлардын, музейлердин жана мамлекеттин башка структураларында иштеген жаш адистер сабак беришет.

Бул семинар музей экспозициясын түзүүгө жана талаа иштери боюнча отчётту даярдоого байланышкан маселелерге арналат. Анын катышуучулары археологиялык экспонаттарды сактоонун усулдары жана принциптери менен таанышат. Ошондой эле музейде археологиялык табылгаларды пайдалануу менен экспозицияны түзүүнү үйрөнүшөт. Мындан тышкары талаа изилдөөлөрүн иретке келтирүү жана аны илимий публикациялоого даярдоо маселелери чагылдырылат. Соңку сабактар зооархеологияга жана археоботаникага арналат.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: