Кыргызстандык бийчилер Орусияда өткөн “Максимум Кубогунда” 3 медалга ээ болушту



Кыргызстандык бийчилер Орусияда өткөрүлгөн “Максимум
Кубогунда” 3 медалга ээ болушту. Бул тууралуу бүгүн, 24-октябрда КРнын Бий
спортунун федерациясынан билдиришти.
Автор: Динара Абдыкадырова
Фото: КРнын Бий спортунун федерациясы
Маалым болгондой, таймашка Орусия, Казакстан жана Кыргызстандын бийчилери катышты.
Кыргызстандык бийчилер Александр Шефлер менен Амина Надированын дуэти өспүрүмдөр
арасында европалык программада күмүш медалга арзыган. Анда 25 жуп бийчи ат
салышкан. Ал эми латын-америкалык программада 5-орунду ээлешкен.
“Чоңдор жана жаштар” категориясында европалык
программада бийчилер Давид
Саламау менен Тамара Мун 2-орунду багындырышты. Ошондой эле чоңдор арасындагы европалык
программада аталган бийчилер 1-орунду ээлешти.
Айта кетсек, европалык программага ак бий, танго, фокстрот жана квикстеп бий түрлөрү кирсе, латын-америкалык бий программасын самба, ча-ча-ча, румба, пасодобль жана жайв бийлери түзөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-07-04

19:23
2025-07-02
17:23
2025-07-02
Рейтинг:
2

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.