super.kg logo

Саякбай Каралаевдин 120 жылдык мааракесине якутиялык артисттер катышат

 

24-октябрда КРнын Маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтов Саха (Якутия) Республикасынын Мамлекеттик жыйынынын төрагасы Александр Жирков менен жолугушту. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.

Жолугушууда Александр Жирков 2014-жылдын ноябрь айынын башында Бишкекке манасчы Саякбай Каралаевдин 120 жылдыгына арналган иш-чарага келерин билдирди. Ошондой эле бул майрамдык иш-чарага катыштырууга бир канча артистти даярдап берүүнү Саха Республикасынын Маданият министрлигине дайындаарын белгиледи. Ал музыканттар этникалык чыгармаларды аткарган жана салттык музыкалык аспаптарда ойногон өнөрпоздор болорун кошумчалады. Мындан тышкары А.Жирков “Манас” эпосу якут тилине ийгиликтүү которулуп бүткөнүн билдирди. 

Алтынбек Максүтов өз кезегинде Саякбай Каралаевдин мааракесине арналып уюштурулуп жаткан иш-чара масштабдуу болорун билдирип, ал 13-ноябрда Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтөрүн айтты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
24.10.2014. 12:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jakwy
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: