"Манасологияны илимдин бир тармагы катары дүйнөлүк алкакка чыгарууну көздөйбүз" дейт манасчы
"Жаңы түзүлгөн Манасологдордун эл аралык ассоциациясынын максаты - манас таануу илими аркылуу эпосту таануу менен гана чектелбей, чет элдик илимпоздорго "Манасты" изилдөөгө түрткү берип, Манасологияны илимдин бир тармагы катары дүйнөлүк алкакка чыгаруу. Кыргызстан Кытайдан озуп, мындай ассоциацияны түзүү менен "Манасты" сактоого чоң кадам таштады". Мындай пикирин бүгүн, 24-октябрда маалымат жыйынынын жүрүшүндө аталган ассоциациянын президенти Талантаалы Бакчиев билдирди.
Автор: Максат Кудайбердиев
Андан соң ал ассоциациянын негизги максаттарын санап чыкты:
- "Манас" эпосун жана манасчылык касиетти изилдеген жергиликтүү жана чет элдик жеке изилдөөчүлөр жана илимий-коомдук, илимий-мамлекеттик уюмдар менен өз ара байланыш түзүп, башын бириктирип, манасологиянын илим катары өсүшүнө салым кошуу;
- "Манас" эпосун жана манасчылык касиетти мындан ары да терең изилдөөгө шарт түзүү;
- Кыргызстандагы жарандык коомдун өнүгүшүнө салым кошуу;
- Илимдин бир тармагы катары азыркы заманбап илимий-техникалык мүмкүнчүлүктөрдү колдонуу менен манасологиянын теориялык жана методологиялык деңгээлин өнүктүрүү жана сапатын жогорулатуу;
- Билим берүү тармагында манасология боюнча адистерди даярдоо жана алардын деңгээлин, сапатын жогорулатуу;
- "Манас" эпосу жөнүндө" КРнын Баш мыйзамын жана "Манас" эпосун сактоо, өнүктүрүү, жайылтуу;
- "Манас" эпосун, манасчылык касиетти илимий объект катары изилдөөгө алган окумуштууларга көмөк көрсөтүү;
- Манасологияны илимдин бир тармагы катары дүйнөлүк алкакка чыгаруу.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:23
2025-07-02
17:23
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Aitunuk

25.10.2014. 21:49
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Манасты" акча табуунун булагына айландырбагыла.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.