super.kg logo
  Саясат  

Борбордо Баткен окуясында курман болгондорду эскерүү өтөт

 

КРнын Коргоо министринин буйругу менен 26-октябрь 1999-2000-жылдары Баткен окуясында курман болгон жоокерлерди эскерүү күнү болуп жарыяланды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Министрликтин борбордогу имаратынын жанындагы «Аскердик каармандык» монументинин алдында 1999-2000-жылдарда Кыргыз Республикасынын аймактык бүтүндүгүн коргоодо аскердик милдетин аткарып жатып курман болгон жоокерлерди эскерүү митинг-реквиеми болот. Алардын элесин митингдин катышуучулары бир мүнөткө унчукпай туруу жана үч жолуу залп атуу менен эскеришет.

Ага КР Өкмөтүнүн аппаратынын, Жогорку Кеңештин, Бишкек мэриясынын өкүлдөрү, КР Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысы, генерал-майор Асанбек Алымкожоев, коргоо министри, генерал-майор Абибилла Кудайбердиев, жоокер-баткенчилер, курман болгондордун ата-энелери жана жакындары катышат. Ошондой эле И.Панфилов атындагы эс алуу багында армиянын Борбордук үйү тарабынан Баткен окуясынын 15 жылдыгына арналган концерт жана митингдин катышуучулары, меймандар үчүн жоокердик ботко болот. 

1999-2000-жылдардагы Баткен окуялары Кыргыз Республикасы үчүн руханий жана нравалык уңгубуздун бекемдигинин, аскердик-саясий башкаруу органдарынын даярдыгынын, Куралдуу күчтөрдүн жана калктын мамлекеттин эгемендигин жана мамлекеттик коопсуздугун коргоо жөндөмдүүлүгүнүн, өлкөнүн аскердик-экономикалык потенциалынын мүмкүнчүлүктөрүнүн олуттуу сыноосу болуп калды.

15 жыл мурда болгон окуя Кыргызстандын жаңы тарыхына өзгөрүүлөрдү киргизе турган өзүнүн окумуштуулары менен тарыхчыларын таба турган учур да келет. Азырынча биздин жалпыбыздын милдетибиз – эл аралык терроризмдин душмандары менен кармашта элге жеңүүчү катары чыгууга жардамдашкан түбөлүк, ыйык нерселерди жоготпоо, ошол кыйын учурлар жөнүндө маалыматтарды, сандарды жана далилдерди кичинекейден болсо да чогултуу, бүгүнкү тынчтык күнүбүз үчүн өмүрүн бергендерди урматтоо.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: