Аламүдүн районунда уурулукка шектелип Жети-Өгүз районунун 22 жаштагы тургуну кармалды
Аламүдүн районунда уурулукка шектелип Жети-Өгүз районунун 22 жаштагы тургуну кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 24-октябрда билдирди.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине Полиция шаарчасы жаңы конушунун 52 жаштагы тургуну кайрылган. Анда ал үйүнө белгисиз адамдар кирип, 246 миң сомдук баалуу буюмдарын уурдап кетишкенин айткан. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө жүргөн. Анын натыйжасында кылмышка шектүү катары Жети-Өгүз районунун 22 жаштагы тургуну кармалган. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.