Токтогулда баңгизат менен Бишкек шаарынын тургуну кармалды
Токтогулда баңгизат менен Бишкек шаарынын тургуну кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облусунун Ички иштер башкармалыгы бүгүн, 24-октябрда билдирди.
Маалыматка караганда, шектүүнүн колундагы ак мүшөктө 11 килограмм баңгизат болгон. Ал зат күбөлөрдүн катышуусунда алынып, кармалган 23 жаштагы жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.