Жылнаама, 25-октябрь: Мындан 8 жыл мурун араб шейхи Михаэль Шумахерге баасы 7 миллион долларды чапчыган аралды белекке тартуулаган



Япондордо илгертеден келе жаткан ишеним бар. Эгер адам кагаздан миң даана турна жасап, аны адамдарга тартууласа, каалаган тилеги орундалат. Мына ушул окуяны ооруканада дарыгерлер Садакого айтып беришкенде ал колуна тийген кагаздан турналарды жасай баштайт. Япон кызы 644 гана турна жасаганга үлгүрүп, 11 жашында бул дүйнө менен кош айтышкан. Анын достору Садаконун бүтпөй калган ишин бүтүрүп, кагаздан жасалган миң турнаны кыздын денеси менен кошо жерге беришкен. Анын турналарды жасап жаткандагы кыялы эмне болгонун эч ким билбейт, бирок ошол күндөн баштап кагаздан жасалган миң турна тынчтыктын жана үмүттүн символуна айланган. Кийин Хиросима шаарында Садако Сасакинин урматына эки эстелик тургузулган. Ушул күнгө чейин ар кайсы өлкөдөн келген туристтер түстүү кагаздан турна жасап, эстеликтин алдына таштап кетишет. Ал эми ар жыл сайын 6-август күнү Садако Сасакини эскерүү үчүн көп өлкөлөрдө, анын ичинде Кыргызстанда да кагаздан миң турна жасалып, Хиросима шаарына жөнөтүлүп турат.

25-октябрда Кыргызстанда жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:14
2022-10-25
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.