super.kg logo

Жылнаама, 26-октябрь: Мындан 62 жыл мурун "Оскар" сыйлыгына ээ болгон алгачкы кара терилүү актриса Хэтти Макдэниел рак оорусунан улам көз жумган

 
* Мындан 10 жыл мурун, 2004-жылы президент Аскар Акаев "Кыргызстандын Шайлоо кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койгон. Мыйзамда добуш бере турган адамдын бармагына белги коюу шарты каралган. Шайлоочулардын колуна белги коюу шарты коомчулукта карама-каршы пикирлерди жараткандыктан, “Демократия жана атуулдук коом үчүн” бейөкмөт уюму калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзө тургандыгын жарыялаган.
 
* Мындан 67 жыл мурун, 1947-жылы америкалык саясатчы, АКШнын 67-мамлекеттик катчысы, АКШнын 42-президенти Билл Клинтондун жубайы, АКШнын 44-биринчи айымы Хиллари Клинтон Чикагодо туулган. 1969-жылы бакалавр дипломун алган соң Йель университетинин юридикалык факультетине тапшырган. 1973-жылы укук боюнча доктор наамына ээ болгон. Болочок күйөөсү Билл Клинтон менен студенттик күндөрүнүн биринде таанышып, 1975-жылы үйлөнүшкөн. Балдарды коргоо фондунда жана юридикалык фирмаларда иштеп баштаган. АКШнын эң бай адамдарынын катарына кирет. 1998-жылы Билл Клинтондун Моника Левинскиге байланыштуу окуясынан кийин аз жерден импичмент жарыяланып кете жаздаган. Ошондой оор мезгилде Хиллари айым күйөөсү менен ажырашам дебестен, аны колдогон. 
* Мындан 62 жыл мурун, 1952-жылы америкалык актриса Хэтти Макдэниел 57 жашында рак оорусунан улам көз жумган. Хэтти Макдэниел 1895-жылы 10-июнда АКШнын Канзас штатындагы Уичито шаарында туулган. 1932-жылы ал "Золотой Запад" тасмасында алгачкы жолу эпизоддук болсо да роль жаратып, дебют жасаган. Ошондон кийин актриса көптөгөн тасмаларда кичинекей ролдорду жаратып, бирок тасмалардын титрлеринде анын аты-жөнү жазылчу эмес. Ал эми 1934-жылы "Судья Прист" тасмасына тартылып, актрисанын аты-жөнү киного тартылган артисттердин катарында алгачкы жолу жазылган. Ошондон кийин "Плавучий театр" (1936), "Саратога" (1937), "Чистосердечное признание" (1937) фильмдеринде ролдорду жараткан. Ал эми 1939-жылы тартылган "Унесённые ветром" тасмасындагы ролу үчүн 1940-жылы актриса "Оскар" сыйлыгына ээ болуп, ал сыйлыкты алган алгачкы кара терилүү айым болуп тарыхта калган. Андан соң Хэтти Макдэниел "В этом наша жизнь" (1942), "Благодари судьбу" (1943), "С тех пор как вы ушли" (1944) ж.б. тасмаларында кайталангыс ролдорду жаратып, атактуулугун арттырган.
26-октябрда Кыргызстанда жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.

кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: