super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңештин төрагасы БУУнун өкүлү менен алдыдагы шайлоолор боюнча сүйлөшүү жүргүздү

 

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков бүгүн, 24-октябрда Бириккен Улуттар Уюмунун башкы катчысынын атайын өкүлү Мирослав Енчаны кабыл алды. Жээнбеков кыргыз тарапка шайлоо системиндеги реформаларга колдоо көрсөтүп жатканы үчүн БУУга ыраазычылык билдирип, өлкөдө жүргүзүлүп жаткан реформаларга, анын ичинде сот, шайлоо, билим берүү тармактарында жасалып жаткан иштерге токтолду. Парламенттик шайлоолорду таза жана ачык өткөрүү Кыргызстандын бийлигинин негизги максаттарынын бири экенин айтты. 

БУУ кыргыз тараптын ачык шайлоолорду өткөрүү ишине жардамдашарын айткан Енча "БУУ Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин депутаттарын жана президенттик шайлоолорго даярдык көрүү боюнча техникалык жана башка жардамдарды берүүгө даяр" деп белгиледи.

Тараптар чек ара маселелерин жөнгө салуу, Кыргызстандын коңшу мамлекеттер менен чектешкен аймактарын делимитациялоо жаатында да пикир алышты. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: