Ысык-Көлдө 7 адамдын өмүрүн алып кеткен автокырсыктын сүрөттөрү
















Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бүгүн, 25-октябрда эки күн мурун Ысык-Көл облусунда 7 адамдын өмүрүн алып кеткен автокырсыкка тийиштүү сүрөттөрдү жарыялады. Эскерте кетсек, Тоң районунда 23-октябрда саат 17:40 чамасында Балыкчы-Каракол унаа жолунун 101-чакырымында жол кырсыгы болгон. Мерседес үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа менен Тойота үлгүсүндөгү жеңил унаа кагылышып, жеңил унаанын ичиндеги 7 адам каза болуп, 2 адам жабыркаган. Окуя болгон жерге ӨКМнын куткаруучулары барышып, каза болгон адамдарды унаадан чыгарып беришкен.
Жабыркагандар Бөкөнбаев айылындагы Тоң райондук ооруканасына жеткирилгени айтылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

жаткан жерин жайлуу болсун