Жоомарт Оторбаев энергетикадагы коррупцияга каршы программа иштеп чыгууну буйруду
Премьер-министр Жоомарт Оторбаев өкмөттүн 24-октябрдагы жыйынында энергетика тармагындагы коррупция менен күрөшүү өкмөттүн негизги милдеттеринин бири экенин белгилеп, энергетика жана өнөр жай министринин милдетин аткаруучу Кубанычбек Турдубаевге коррупцияга каршы программа иштеп чыгуу тапшырмасын берди. Оторбаев кышка даярдык көрүү ишинин акыркы жыйынтыктары өкмөттүн 31-октябрдагы жыйынында караларын эскертти. "Кышка кам көрүүнү тездетүү, жаңы тарифтик саясат боюнча элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарыл",- деди өкмөт жетекчиси.
Премьер-министр жылытуу мезгилине даярдык көрүү иштеринин сапатсыз жана мөөнөтүнөн кечигип жүрүшүнө күнөөлүү адамдар жоопкерчиликке тартыларын кошумчалады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

