super.kg logo

Европалык ырчы Рэй Хортон тартылган "Гонщик таксист" аттуу кыргыз тасмасынын бет ачары болуп, актёрлор кызыл килемден өтүштү

 
Нурлан Мамакеев
Зулайка Эркимбаева
Жаныш Майр

Бүгүн, 26-октябрда Бишкектеги кинотеатрлардын биринде “Гонщик таксист” тасмасынын бет ачары болуп, тасмадагы башкы каармандар кызыл килемден басып өтүштү. Кыргыз кинокомедияларынын катарын толуктаган бул фильмге Максат Жумаев режиссёрлук кылса, идеясы бир канча фильмдин продюсери Нурлан Мамакеевге таандык. Тасмада башкы каармандын образын “тамашоучу” Жаныш Майр жана Зулайка Эркимбаева жаратышкан. Ошондой эле бул фильмден КРнын Эл артисти Замирбек Сооронбаев, КРнын Эмгек сиңирген артисти Жаркын Балыкбаева, актриса Перизат Эрмамбетова, Гуэль Кадырбекова, Турат Касымбеков, эң кызыгы, европалык ырчы Рэй Хортонду да көрүүгө болот.

Нурлан Мамакеев:“Тасма шаарда таксист болуп иштеген Жаныш аттуу жигит тууралуу. Унаасын катуу ылдамдыкта айдаган каарман кардарлары айткан жерине жеткирем деп кызыктуу, күлкүлүү окуяларды башынан кечирип, сүйүүсүн кезиктирет. Бул тасма менен коомчулукка "унааны катуу айдабагыла, калп айтпагыла, капыстык жөн жерден эмес" деген түшүнүктү жеткирүүнү көздөдүк. Фильм 1,5 миллион сомго тартылып, тартуу процесси 1 айга созулду”,- дейт.

Ал эми тасмада алгачкы жолу роль жараткан Зулайка Эркимбаева буларды айтты: “Мен тасмага капысынан тартылып калдым десем болот. Кастингге эпизоддук роль жаратыш үчүн баргам. Бирок, бактыга жараша, тартуучу топ мени башкы каармандын ролуна ылайык көрдү. Алардын ишеничин актап, жеткиликтүү аткарып бердим деген ишеничтемин. Эми келечекте көптөгөн кыргыз кинолоруна тартылууну максат кылуудамын”.

“Бул фильмдин идеясы мага абдан жакты. Жашоодо “супергерой” болуу үчүн унааны катуу ылдамдыкта айдаштын, ийгиликке жетүү үчүн жанын жеп калп айтып алдаштын кереги жок экенин бул тасма далилдеп берди. Канчалык жөнөкөй, кичи пейил адам болсоң, турмуштагы ичке жолуң даңгыр жолго уланарын көрсөттү”,- дейт Жаныш Майр. 






Европалык ырчы Рэй Хортон кыргыз тасмасында

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(11)
26.10.2014. 16:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы экен,коруш керек)
26.10.2014. 22:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Интернеттен качан коробуз???
SUPER.KG видео
30.10.2014. 22:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Москвага келишпейт бекен???
SUPER.KG видео
31.10.2014. 00:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Плагият Тобо 6 кино тартым 9 дагы калды дейт кино тартыш оной окшойт актерлору да кочондон эле тапканы жакшы экен журналист айткандай касса учун одна разовый кинолор кобойду эртен эле унутуп калчу кино экени корунуп турат. Негры вообщем тааныбайт экенмин. Туфта
SUPER.KG видео
31.10.2014. 05:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Көч бара бара оңолот алга акырындан өнүгө баштады кинолорубуз
SUPER.KG видео
31.10.2014. 09:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Корбой еле туфта деген туура емесго, жакшы кино деп туралы пока,
SUPER.KG видео
31.10.2014. 11:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тообо бул ырчыларды Ислам Сатаров чакырып жатса ал жонундо бир дагы соз жок го. Орто жолдон илеше калып эле тартып алыптыр да Мамакеев уяты жок. Уюштуруучулардын атына ыраазычылык деп койбойбу. Рей голливуддун сериалдарына тартылып эле журот да. Анан буто элек кинону корду деп кантип айтып жатат уялбай...
SUPER.KG видео
31.10.2014. 11:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен билем бул клипти Ислам Сатаров тартып жургонун озунун командасы менен. Мамакеев жардам берген техникалык жактан жана жардам берип жургон. Сценарий жана тартуучу топ Ислам Сатаровдун командасы.Жениш Асылбеков жана Мансур деген клип мейкерлердин эмгеги. Мамакеев э\мне айтып жатат клип тарттым деп. кызык...
SUPER.KG видео
31.10.2014. 13:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Элге айталы деген максат, бир нерсени жеткирүүнү ойлогон эмеспиз, жөн эле шаар ичинде магинаны катуу айдабай эле коюш керек дейтго тобооо!

Максаты жокда кино тарса болобу, же кино картуу оюн болуп калганбы?!
SUPER.KG видео
31.10.2014. 17:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен такыр эле ишенбей жатам ушул кишинин чыныгы Рей Хортон экенине. Кантип эле легендага айланган ырчы Бишкекке келип, биздин клипмейкерлерге клип тарттырып, кала берсе кинолорго оңой эле түшүп койсун. Ишене албайм.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: