Бүгүн, 26-октябрда Баку-Бишкек аба каттамы ачылат
Бүгүн, 26-октябрда Баку-Бишкек-Баку жаңы аба каттамы ачылат. "Манас" аэропортунун басма сөз кызматы билдиргендей, бүгүн Азербайжандан учкан учак менен Бишкекке тармактык министрлик, мекемелердин өкүлдөрү келишмекчи. КРнын Тышкы иштер министрлиги бул каттамдын ачылышы транспорттук тармакта гана эмес, эки өлкөнүн соода-экономикалык кызматташтыгы үчүн да маанилүү экенин билдирет. Аэропортко бүгүн жаңы каттамдын алгачкы учагынын келип конушун салтанаттуу тосуп алуу иш-чарасы өтөт.
Айта кетсек, Баку-Бишкек-Баку аба каттамы аптасына 2 жолу аткарылып турмакчы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

