super.kg logo
  Спорт  

Футболчу Руслан Сыдыков "Дордой"-"Алга" беттешинде майданга чыгып, карьерасын расмий түрдө жыйынтыктады (фоторепортаж)

 
Бүгүн, 26-октябрда орун алган "Дордой"-"Алга" беттешинде футболчу Руслан Сыдыков майданга чыгып, расмий түрдө профессионалдык карьерасын жыйынтыктады. Анын чоң футбол менен коштошуусуна күйөрмандардан тышкары Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Кадырбек Эргешов, "Дордой" спорттук клубунун директору Шаршен Касенов, КРнын Футбол федерациясынын президенти Семетей Султанов жана башкалар күбө болушту. 
Алгач Руслан Сыдыков капитан катары "Дордойдун" курамында оюнга чыгып, 5 мүнөт оюн көргөздү. Оюнчулар ага гол киргизүү мүмкүнчүлүгүн түзүп беришти. Андан соң 40 жашка чыккан Руслан мырза эки команданын өкүлдөрү жана майдан менен коштошту. Ал капитан тагынуучу белгини Талант Самсалиевге өткөрүп берип, майдандан чыкты. Андан соң аны "Дордойдун" өкүлдөрү, Футбол федерациясынын өкүлдөрү жана күйөрмандар куттуктап, майдандан жылуу узатышты. Белгилүү болгондой, Руслан Сыдыков ойноп келген 4-номурдагы футболка командада өзгөчө мааниге ээ болуп, мындан ары клубда бул номурдагы футболка менен эч бир футболчу ойнобой турган болду. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
26.10.2014. 19:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
трибунада эч ким жок го?
26.10.2014. 21:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
охо стадион толо адамго
27.10.2014. 07:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оа да кайсы куйорман?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: