Жол кырсыгынан улам сууга чөгүп, дайынсыз жоголгон жарандын сөөгү табылды
Аламүдүн районундагы Лебединовка айылында 13-октябрь күнү Чоң Чүй каналына Хонда Одиссей үлгүсүндөгү унаа кулаганынан улам дайынсыз жоголгон Георгий Кваташвили аттуу жарандын сөөгү табылды. Куткаруучулар 1988-жылы туулган Георгий Кваташвилинин сөөгүн 25-октябрда Аламүдүн районунун Лермонтов көчөсүнө жакын жердеги Чоң Чүй каналындагы суудан табышып, райондук милиция кызматкерлерине өткөрүп беришти. Аны Аламүдүн РИИБинин кызматкерлери жана куткаруучулар Аламүдүн районунун өлүкканасына алып барышып, ата-энеси аркылуу таанышкан. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы кабарлады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.