Бишкекте сүт азыктарын сатуучу жайдан өрт чыгып, ичиндеги муздаткычтары жана сүт азыктары күйүп кетти
Бишкекте Ж.Пудовкин менен Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан сүт азыктарын сатуучу темир күркөдөн өрт чыгып, анын ичиндеги бир нече буюм күйүп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 27-октябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, аянты 8 чарчы метрди түзгөн сүт азыктарын сатуучу темир күркөнүн эшиги, терезеси, жылууланган дубалы, 5 даана муздаткыч, көргөзмө текчелери жана сүт азыктары күйүп кетти.
Өрт кырсыгы электр жабдууларын куроо эрежелеринин бузулушунан улам болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.