super.kg logo
  Саясат  

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 89 пайыз көмүр менен камсыздалды

 

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги көмүр менен 89 пайызга камсыздалды. Бул тууралуу бүгүн, 27-октябрда аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.   

Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүнө жалпысынан 1490,9 тонна көмүр керектелет, анын ичинен:

- ӨКМнын Өрткө каршы мамлекеттик кызмат агенттигинин жер-жерлериндеги бөлүмдөрүнө 627,07 тонна керектелип, анын суммасы 3 000 000 сомду түзгөн. Бүгүнкү күндө 533,1 тонна көмүр түзүлгөн келишимдин негизинде сатылып алынып, кампаларга жеткирилип, камсыздоо 85 пайызды түздү;

- ӨКМнын Гидрометеорология агенттиги боюнча жалпысынан 245 тонна көмүр каралган, суммасы 1 640 000 сомду түзгөн жана бүгүнкү күндө мерчемделген көмүр толугу менен сатылып алынып, аталган агенттиктин көмүр менен камсыздалышы 100 пайызды түздү.

- Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана анын башка түзүм бөлүмдөрүнө 628,5 тонна көмүр керектелип, суммасы 3 121 582 сом болуп, министрликтин түзүм бөлүмдөрү өз алдынча сатып алууну уюштурушат. Бүгүнкү күндө көмүр сатып алуу үчүн келишимдер түзүлүп бүттү жана тийиштүү “чыгымдар статьяларына” акча каражаттары толугу менен которулуп, 550 тонна көмүр менен камсыздалып, ал 87 пайызды түздү.

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: