Өлкө башчы Бажы биримдигине киргенде инфляция жана баалардын өсүшү мүмкүн экенин айтты
Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин бүгүн, 27-октябрда өтүп жаткан жыйынында президент Алмазбек Атамбаев Бажы биримдигине киргенде инфляция жана баалардын өсүшү мүмкүн экенин айтты.
Президент Кыргызстандын башка айласы жок экенине токтолуп: "Бирок биз биримдикке кирбесек, азыркыдан да жаман абалга түшүп калышыбыз ыктымал. Интеграциядагы башка мамлекеттердей тең укукка ээ болуу үчүн Бажы биримдигине баш көтөрүп киришибиз керек. Азыркы тапта аймактын бүтүндүгүн жана өлкөдөгү туруктуулукту сактоо маанилүү. Интеграциянын шарттары жакшы экенин айтып өткүм келет. Капиталы миллиард долларга барабар фонд түзүлгөн. Бул жумуш үчүн парламентке рахмат",- деди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

